Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы
2025-жылдын 25-декабрындагы № 5/14
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Таштак айылындагы
1044 контурдагы жалпы 0,30 га ынгайсыз жер тилкесин Таштак айылынын тургуну Вахидов Махамаджон Набижановичке иштетүү максатында 49 жылга ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун (2025-ж. 17-декабырындагы №13а протоколу) негизинде карап чыгып, талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Таштак айылындагы №1044 контурдагы жалпы 0,30 га ыңгайсыз жер тилкесин Таштак айылынын тургуну Вахидов Махамаджон Набижановичке иштетүү максатында 49 жылга ижарага берүүго макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |