Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезексиз ХIV сессиясы
2025-жылдын 25-декабрындагы № 6/14
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Таштак айлындагы Гуч-Гунан кананлынын устку тарабынан жайгашкан айыл чарба багытындагы ынгайсыз жалпы 0,1580 га жер тилкесини Таштак айылынын тургуну Р.Касимовага иштетүү максатында 49 жылга
ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-ж. 20 октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын Таштак айылынын тургуну Р.Касимовага арызыннегизинде, карап чыгып, талкулап Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезексиз ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Таштак айлындагы Гуч-Гунан кананлынын үсткү тарабынан жайгашкан айыл чарба багытындагы ынгайсыз жалпы 0,1580 га жер тилкесини Таштак айылынын тургуну Р.Касимовага иштетүү максатында 49 жылга ижарага берууго макулдук берилсин;
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнү жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |