Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 1/15
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак
участкасындагы№307-308 контурлардагы жалпы 3,30 га таштуу
жайыт жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук
берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн (№01-13/1991 12.11.2025-ж.) катын жана Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун (2025-жылдын 11-ноябрындагы №11) протоколунун негизинде, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кызыл-Кыштак участкасынын №307-308 контурлардагы жалпы 3,30 га таштуу жайыт жер тилкесин мамлекеттик менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө.
2. Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адистерине жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |