Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 2/15
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагындагы Кайра бөлүштүрүү фондунун эсебиндеги айыл чарба жерлеринин ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин үномдүү пайдалануу максатында, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүгө төмөнкү башталгыч нарктар бекитилсин:
- көп жылдык бак-дарактар жерлери үчүн – 6500 сом бир га;
- сугат суу жерлери үчүн – 6000 сом бир га.
- тыт -көчөт жана кайрак айдоо жерлери үчүн – 5500 сом бир га.
- аукционго катышуу укугу үчүн акы кайтарылгыс - 1000 сом.
2. . Аталган жерлер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүнү туруктуу комиссияга жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |