Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 3/15
Датка айыл өкмөтүнүн 2025 – жылдын 12 айынын бюджетинин
аткарылышы, 2026-жылдын бюджетин, 2027-2028- жылдарга
бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн 12 айга аткарылышы жана 2026-жылдын бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүктөрү менен бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн СЭӨБнүн башчысы М.Тажикова билдирүү жасап, бул маселени айылдык кенештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, айылдык кенештин талкуусуна коюп, кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши:
1.Датка айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин кирешелери бекитилген план боюнча 84 365,4 миң сом анын ичинен атайын каражаттын планы 20 475,0 миң болуп, өзгөртүүлөр менен 12 айга такталган план 93 444,5 миң сом, анын ичинен атайын каражаттар планы 20475,0 миң сом аткарылышы 93 277,3 миң сомго анын ичинен атайын каражаттын аткарылышы 17 574,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2026-жылга Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 87 847,4 мин сомго анын ичинен атайын каражаттан 20 475,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн 2026-жылга чыгашалар бөлүгү 2026-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелерге (эмгек акы. соц фондко чегерүүлөр ) каржылануусу белгиленсин.
3.1. Башкаруу аппаратына – 17 138,9 миң сом;
3.2. Айылдык кеңешке - 1 367,5миң сом;
3.3. Жайытка - 380,0 миң сом
3.4. Турак жай жана комуналдык кызматтарга -30 930,4 миң сом;
3.5. Маданият үйүнө - 861,9 миң сом,
3.6. Маданият боюнча башка иш чараларга – 1 291,7 миң сом;
3.7. Мектепке чейинки билим берүү уюмуна – 2 530,0 миң сом;
3.8. Билим берүү тармагына - 9 702,0 миң сом;
3.9. Социалдык коргоо тармагына -3 170,0 миң сом
3.10. Мектепке чейинки билим беруу уюмуна атайын каражаттар эсебинен 20 475,0 мин сом болуп, жалпысынан 87 847,4 миң сом.
4. Датка айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлеринин штат бирдиги жалпысынан – 32, анын ичинен 1 башчы, 1 орун басар, 1 жооптуу катчы, 1 бөлүм башчы, 4 башкы адис, 3 жетектөөчү адис, 3 адис, кенже тейлөөчү кызматкерлер-5, келишимдин негизинде 8, айыл башчылар 5 штат бирдиги КР Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгынын негизинде бекитилсин.
5. Айыл кеңештин штат бирдиги - 3, анын ичинен айыл кеңештин торагасы -1, айыл кеңештин катчысы – 1, кеңже тейлоочу кызматкер 1.
6. Жыл ичинде айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип туруу укугу КР Бюджеттик Кодексинин 109-беренесине ылайык берилсин.
7. Айыл өкмөтүнүн 2027-2028-жылдарга кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө жергиликтүү жана атайын каражаттардын долбоору:
2027-жылга -94 396,7 миң сомго
2028-жылга – 101 557,7 миң сомго
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |