Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 4/15
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Датка” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-жылга
түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Датка” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-жылга түзүлгөн иш-планын Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы №04-13/152 сандуу Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча планын жана жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планын иштеп чыгуу тартиби жөнүнүндөгү тескемесине ылайык, Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин “Жер маселелери, архитектура жана курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комитетин чечимин угуп талкуулап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Датка” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 2026-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин;2. Иш-пландын нускамасы даярдалып тиркелсин;
3. Токтомдун мыйзамдын талаптарына ылайык аткаруу жагы Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.. Каримовго милдеттендирилсин;
4. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер маселелери, архитектура жана курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комитетина жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |