Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 5/15
Датка айыл аймагында жашаган Ооган согушунун катышуучулары
үчүн катуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн
төлөмдөрдөн 50 пайыз жеңилдик берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Ооган согушунун катышуучуларын (2026-ж. 02-февралындагы кир.№136/5) арызын карап, Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Датка айыл аймагында жашаган Ооган согушунун катышуучулары үчүн катуу-тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу үчүн төлөмдөрдөн 50 пайыз жеңилдик берүүгө макулдук берүү жөнүндө;
2. Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Датка” көп тармактуу муниципалдык ишканасынын жетекчилиги бул токтомду аткарууга алуусу белгиленсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |