Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 6/15
Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында жасалма уруктандыруу кызмат көрсөтүүнүн баасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын “Жергиликтүү маанидеги маселелер” №27-беренесин жетекчиликке алып,Кара-Суу райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын (2026-ж. 04-февралындагы чыг. №01-3/3) катты карап чыгып, Даткаайыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII чакырылышынын) кезектеги ХV сессиясы
Токтом кылат:
1. Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында жасалма уруктандыруу кызмат көрсөтүүнүн төмөндөгү тарифтери бекитилсин:
- ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу биринчи учурунда-1000 сом;
- ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруу кайталанган учурда - 500 сом;
2. Аталган иштер боюнча тийиштүү болгон иш кагаздарды мыйзам ченемдүү даярдоо Датка айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ветеринар адисине Ж.Альмухамедовго жүктөлсүн;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынын каттоодон өткөрүү иштери Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ы. Мамасалиевага жүктөлсүн;
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Датка айылдык Кеңешинин “Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |