Загрузка документа…
ДАТКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Датка айыл аймагынын айылдык кеңешинин (VIII шайланган) кезектеги ХV сессиясы
2026-жылдын 10-февралындагы № 7/15
Датка айыл өкмөтүнүн 2026 – жылдын 1-январына карата бош
калган акча каражатын бекитүү жөнүндө
Датка айыл өкмөтүнүн 2026–жылдын 1-январына карата бош калган акча каражатын бекитүү жөнүндөгү маселе боюнча айыл өкмөтүнүн СЭО бөлүмүнүн башчысы Тажикова М.А билдирүү жасап, бул маселени айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып, айылдык кеңештин талкуусуна коюп, кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдөн кийин Датка айыл аймагынын айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаттары 4 105.4 мин сом жана чыгашалары 4 105.4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана төмөндөгү тармактарга жумшалсын;
1.1. Турак жай жана коммуналдык кызматтарга -4 105.4 миң сом;
жалпысынан 4 105.4 миң сом;
2. Айыл өкмөтүнүн атайын каражаттары 2026-жылдын 1-январына карата бош калган акча каражаты 5,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. Ал эми чыгаша жагы мектепке чейинки билим берүү тармагынын тамак аш статьясына 5.4 миң сом каржылануусу белгиленсин;
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция органынан каттоодон откоруу иштери Датка айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Ы.Мамасалиевага жүктөлсүн;
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Аман уулу Алмазбек |