Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-декабры № 2025-П-12/71-3-(НПА)
"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төмөнкү токтомдоруна өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет):
1) 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө";
2) 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу";
3) 2014-жылдын 30-майындагы № 24/11 "Ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча операцияларды жүзөгө ашырган микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салуучу эрежелерин" бекитүү тууралуу";
4) 2014-жылдын 17-октябрындагы № 45/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жоболорун бекитүү жөнүндө";
5) 2024-жылдын 28-февралындагы № 2024-П-12/8-3-(НПА) "Кепилдик фонддордун ишин жөнгө салуу эрежелерин бекитүү тууралуу".
2. Юридика башкармалыгы:
- тиешелүү документтер келип түшкөн күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
4. Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгы ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтом менен микрофинансылык уюмдарды, "Кепилдик фонд" ААКты, "Микрофинансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.
5. Башкарманын катчылыгы бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Банк эмес уюмдарды көзөмөлдөө башкармалыгын, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.
6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Көзөмөлдөө методологиясы башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.
Төрага |
| М. Тургунбаев |
|
| Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2025-жылдын 29-декабрындагы № 2025-П-12/71-3-(НПА) токтомуна карата тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1. Улуттук банк Башкармасынын 2003-жылдын 19-февралындагы № 4/2 "Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелери жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында микрофинансылык уюмдарынын ишин жөнгө салуунун эрежелеринин:
1) 1.8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1.8. МФУлар өз операцияларын бухгалтердик эсепке алууну жана финансылык отчетторун түзүүнү Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык жүргүзүүгө тийиш.";
2) 2.1-пунктунун:
- сегизинчи абзацы төмөнкү мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Бул чектөө коммерциялык банктан кайра өзгөртүлүп түзүлгөн МФКнын башка менчигин сатуунун алкагында берилген кредиттерге жайылтылбайт.";
- төмөнкү мазмундагы 2.1.2-пунктча менен толукталсын:
"2.1.2. Аманаттарды кабыл албаган микрофинансылык компаниялар Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактоого милдеттүү, анын ичинде:
- төлөнгөн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү;
- минималдуу өздүк капиталдын ченеми;
- микрокредиттин максималдуу жалпы өлчөмү;
- микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестициялардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу жалпы өлчөмү;
- мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү;
- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу өлчөмү.";
3) 2.3-пунктунун:
- 2.3.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2.3.1. Микрофинансылык компаниянын өздүк капиталын эсептөө (баа берүү күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн негизинде ишке ашырылат:
- жөнөкөй акциялар;
- артыкчылыктуу акциялар;
- номиналдан үстөк салынган капитал;
- жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан салынган кошумча капиталдын;
- келечекте керектөө үчүн камдардын;
- мөөнөтсүз субординацияланган карыз.
Мөөнөтсүз субординацияланган карыз катары төлөө мөөнөтү белгиленбеген, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөй турган, МФК жоюлган учурда ал боюнча талаптар кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте канааттандырыла турган, күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүү зарыл. МФК кандай болбосун учурда субординацияланган карыз боюнча пайыздык төлөмдөрдү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу керек. Мөөнөтсүз субординацияланган карызды МФКнын демилгеси боюнча, Улуттук банктан алдын ала уруксат алгандан кийин жана ченемдердин бузулушуна алып келбеген шартта, кеминде беш жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин гана төлөөгө болот;
- өткөн жылдардын бөлүштүрүлбөгөн пайда/чыгымы;
- өтүп жаткан жыл ичиндеги чыгым;
- башка микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына (акцияларына, үлүштүк катышуусуна) инвестицияларды кемитүү менен.
Мында, капиталга (акцияларга, үлүштүк катышууга) инвестициялар катары микрофинансылык уюмдардын, лизинг компанияларынын жана банктардын капиталына айкын салынган каражаттардын калдыгын түшүнүү зарыл.";
- 2.3.2-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"УК - бул Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана учурда иштеп жаткан, аманаттарды кабыл албаган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.";
4) 2.4-пунктунун 2.4.1-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2.4.1. Микрофинансылык компаниялар микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестиция салууга укуктуу.";
5) 2.4-5-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.";
6) 2.5-пунктунун 2.5.1-пунктчасынын алтынчы жана жетинчи абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - жеке адамдардын тизмегин уюштуруучулар (акционерлер) боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, карыздын валютасы ж.б.);
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын өлчөмү жөнүндө маалыматтарды, уюштуруучулардын (акционерлердин) - юридикалык жактардын тизмегин, уюштуруучулар (акционерлер) боюнча карыз алуу шарттарын көрсөтүү менен (өлчөмү, мөөнөтү, чени, карыздын валютасы ж.б.).";
7) 2.7-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2.7. МФК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.
Эгерде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алса Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же отчеттук жылда чыгым орун алса;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарыла элек болсо.";
8) 4.2-пунктунун:
- биринчи абзацындагы "ченемдерди" деген сөздөрдөн кийин "жана чектөөлөрдү" деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- өздүк капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);";
- төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- суммардык капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү);";
- он экинчи жана он үчүнчү абзацтар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- уюштуруучулардан (акционерлерден) - жеке адамдардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;
- уюштуруучулардан (акционерлерден) - юридикалык жактардан карызга алынган каражаттардын максималдуу чогуу алгандагы өлчөмү;";
- төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- карыздык баалуу кагаздарды чыгаруунун максималдуу көлөмү.";
9) 5.2-пункттун 5.2.2-пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү мазмунда баяндалсын:
"УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана аманаттарды тартуу менен иш алып барган МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.";
10) 5.3-пунктунун:
- биринчи абзацындагы жана 5.3.1 жана 5.3.2-пунктчаларындагы "Капиталдын" деген сөздөр "Өздүк капиталдын" дегенге алмаштырылсын;
- 5.3.2-пунктчасынын үчүнчү жана төртүнчү абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"ӨК - баалоо датасына карата МФКнын өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 2.3.1-пунктуна ылайык).
СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.";
11) төмөнкү мазмундагы 5.3-1-пункту менен толукталсын:
"5.3-1. МФКнын суммардык капиталы (баалоо күнүнө карата) төмөнкү көрсөткүчтөрдүн суммасы катары аныкталат:
- өздүк капитал;
- учурдагы жылдын пайдасы (учурдагы жылы алынган салык салуудан кийинки пайда);
- кредиттер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн жалпы резервдер;
- башка активдер боюнча потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабууга жалпы резервдер;
- негизги каражаттарды кайра баалоо боюнча резерв;
- баалуу кагаздарды кайра баалоо боюнча резерв;
- субординацияланган карыз.
Субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздандырылбаган милдеттенмени түшүнүү зарыл, ал кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөшү керек жана МФК жоюлган учурда ал боюнча талаптар кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МФКнын акционерлери менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнөт. Банкроттук жана жоюу учурларын кошпогондо, кредитордун келечекте пландаштырылган төлөмдөрдү (субординацияланган кредит/займ боюнча пайыздык киреше же негизги сумма) мөөнөтүнөн мурда төлөтүүгө эч кандай укугу жок. Төлөө мөөнөтү эң аз дегенде 5 (беш) жылды түзүүгө тийиш. Субординацияланган карызды амортизациялоо төлөө мөөнөтү аяктаганга чейинки калган беш жыл ичинде бирдей чегерүүлөр ыкмасынын негизинде жүргүзүлөт. Субординацияланган карыз, кеминде 5 (беш) жылды түзгөн минималдуу мөөнөт өткөндөн кийин, Улуттук банктан алдын ала уруксат алынгандан кийин гана, ошондой эле эгерде төлөө ченемдерди бузууга алып келбеген шартта гана төлөнүшү мүмкүн.
5.3-1.1. Суммардык капиталдын шайкештиги (жетиштүүлүгү).
М2 суммардык капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин мааниси кеминде 9% деңгээлинде кармалып турууга тийиш.
5.3-1.2. МФКнын суммардык капиталынын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М2 = СумК / СА * 100%,
мында:
СумК - МФКнын баа берүү күнүнө карата 5.3-1-пунктуна ылайык эсептелген суммардык капиталы;
СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө күрөө катары коммерциялык банктарга жайгаштырылган депозиттердин суммасын, ошондой эле кардарлардын санын көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдерди алып салгандан кийинки баалоо күнүнө карата баланстык активдердин суммасы.";
12) 5.4-пункттун:
- 5.4.2-пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Дүңүнөн кредиттөө менен алектенген МФКлар үчүн ошол эле бир адамга берилүүчү микрокредиттин максималдуу жалпы өлчөмү өздүк капиталдын 20 пайызынан ашпоого тийиш.";
- 5.4.3-пунктчасында:
- расмий тилдеги редакциянын бешинчи абзацында "не возврат" деген сөз "невозврат" дегенге алмаштырылсын;
- алтынчы абзацтагы "күрөө менен" деген сөздөр алып салынсын;
13) 5.5-пункттун 5.5.3-пунктунун экинчи абзацындагы "мөөнөтү келип жеткен" деген сөздөр алып салынсын;
14) 5.6-пункту төмөнкү мазмундагы 5.6.2-1-пунктча менен толукталсын:
"5.6.2-1. Жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелер боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүнүн ченеми (М5.1) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
М5.1 = СумК / СДФЛ * 100%,
мында:
СумК - МФКнын суммардык капиталы;
СДФЛ - мөөнөттүү депозиттердин жана жеке адамдар алдында башка милдеттенмелердин суммасы, анын ичинде сактык (депозиттик) сертификаттар, облигациялар жана башкалар.
Бул ченем, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими боюнча белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.";
15) 5.7-пункттун 5.7.1 жана 5.7.2-пункттарындагы "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" деген сөздөр "Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 15-июнундагы № 2017-П-12/25-6-(ЧУА) токтому менен бекитилген "Депозиттерди тартуу менен иш алып барган микрофинансылык компаниялардын турак жай-сактык кредиттик компаниялардын аффилирленген жана байланыштуу жактар менен операцияларына карата талаптар жөнүндө" дегенге алмаштырылсын;
16) 5.13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бул чектөө, ошондой эле анын мааниси Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитетинин чечими менен белгилүү бир МФК үчүн өзүнчө белгилениши мүмкүн.";
17) 6.8-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6.8. МФК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына (мындан ары - ФОЭС) жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.
МФК акционерлерине дивиденд төлөө үчүн Улуттук банктан уруксат алууга милдеттүү. Дивиденддерди төлөөгө Улуттук банктан уруксат алуу үчүн документтер МФКнын акционерлеринин жалпы чогулушуна чейин он жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка берилүүгө тийиш. Документтерге МФКнын дивиденддерди төлөө мөөнөттөрү боюнча пландары, ФОЭСтин жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын көрсөткүчтөрү жана дивиденддерди төлөп бергенден кийин экономикалык ченемдердин сакталышы боюнча эсептөөлөр тиркелүүгө тийиш.
Эгерде МФКнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон төмөнкү учурлардын бири орун алган шартта, Улуттук банк МФКга дивиденддерди төлөөгө чектөө киргизиши мүмкүн:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МФК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же отчеттук жылда чыгым болсо;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, мүмкүн болуучу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча эсептөө боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса.";
18) 7.6-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7.6. Дүңүнөн кредиттөө менен алектенген (апекстик институттар) жана кредиторлор алдында милдеттемелери бар (анын ичинде ФКУ) МКК үчүн өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеми белгиленсин.
Өздүк капиталдын шайкештик (жетиштүүлүк) ченеминин (М2) мааниси кеминде 8% деңгээлинде колдоо зарыл.
Өздүк капиталдын шайкештик ченеми төмөнкү формула боюнча аныкталат:
М2 - ӨК/СА х 100%,
мында:
ӨК - МККнын баалоо күнүнө карата өздүк капиталы (ушул Эрежелердин 7.7-пунктуна ылайык);
СА - валюта тобокелдиктерин хеджирлөө максатында улуттук валютада тартылган каражаттардын суммасынын өлчөмүндө финансы-кредит уюмдарына күрөө катары жайгаштырылган депозиттердин суммасын минуска чыгаруу менен баалоо күнүнө карата баланстык активдердин, ошондой эле кардарлардын санын жана кызмат көрсөтүүлөрдү кеңири жайылтууга багытталган техникалык жана программалык продуктуларга байланыштуу материалдык эмес активдердин суммасы.";
19) 7.7-пункту:
- төмөнкү мазмундагы алтынчы жана жетинчи абзацтар менен толукталсын:
"- мөөнөтсүз субординацияланган карыз;
Мөөнөтсүз субординацияланган карыз деп күрөө менен камсыздандырылбаган, төлөө мөөнөтү жок, кредиторлордун талабы боюнча мөөнөтүнөн мурда төлөнбөшү керек болгон жана МКК жоюлган учурда кредиторлордун бардык талаптары канааттандырылгандан кийин, бирок МККнын акционерлери/катышуучулары менен эсептешүүгө чейин акыркы кезекте төлөнүүчү милдеттенмени түшүнүү зарыл. МКК кайсыл болбосун учурда субординацияланган карыз боюнча пайыздык төлөмдөрдү жокко чыгарууга толук укуктуу болушу керек. МККнын демилгеси боюнча мөөнөтсүз субординацияланган карызды Улуттук банктын алдын ала уруксатын алгандан кийин жана төлөө ченемдерди бузууга алып келбеген шартта гана, кеминде беш жылды түзгөн мөөнөт өткөндөн кийин төлөөгө жол берилет.";
- 7.7.1-пунктчасынын алтынчы абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"УК - Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 5-октябрындагы № 2022-П-33/61-2-(НФКУ) "Банк эмес финансы-кредит уюмдарынын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү жөнүндө" токтомуна ылайык, тиешелүүлүгүнө жараша, жаңыдан ачылып жаткан жана учурда иштеп жаткан МФКлар үчүн белгиленген уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү.";
20) 7.8-пунктунун 7.8.1-пунктчасында:
- "500 миң сомдон" деген сөз "1 млн. сомдон" дегенге, "100 миң сомдон" деген сөз "200 миң сомдон" дегенге, "20 же" деген сөз "10 же" дегенге алмаштырылсын;
21) төмөнкү мазмундагы 7.8-1 жана 7.8-2-пункттары менен толукталсын:
"7.8-1. МКК жана МКА микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга гана инвестицияларды ишке ашырууга укуктуу.
МККнын микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга инвестицияларынын максималдуу жалпы көлөмү (капиталга инвестициялар (акциялар, үлүштүк катышуу), карыздык милдеттенмелер, лизинг жана факторинг боюнча финансылык салымдар, кредиттер жана башка ушул сыяктуу финансылык салымдар) МККнын өздүк капиталынын өлчөмүнүн 30 пайызынан ашпоого тийиш жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
СИ / ӨК * 100% ≤ 30%,
мында:
СИ - МККнын баа берүү күнүнө карата инвестицияларынын жалпы көлөмү;
ӨК - ушул Эрежелердин 7.7-пунктуна ылайык баа берүү күнүнө карата МККнын өздүк капиталы.
Бул ченемди эсептөөдө капиталына (акциялар, үлүштүк катышуу) МККнын инвестициялары жайгаштырылган микрофинансылык уюмдарга, лизинг компанияларына жана банктарга берилген кредиттер эске алынат.
Бул ченемди эсептөөдө инвестициялардын жалпы өлчөмүнө банктын капиталына салынган инвестициялар киргизилбейт, алар:
- МФУ тарабынан 2026-жылдын 1-апрелине чейин ишке ашырылган;
- Улуттук банктан 2026-жылдын 1-апрелине чейин банкты түзүүгө уруксат алган МФУ.
Бул ченем дүңүнөн кредиттөө менен алектенген МККларга жайылтылбайт.
7.8-2. МКК/МКА ички ченемдик документтердин талаптарына ылайык, Улуттук банктын экономикалык ченемдеринин жана талаптарынын сакталышына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүүгө тийиш.
МКК/МКА мезгил-мезгили менен берилүүчү отчеттун алкагында Улуттук банкка экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн аткарылышы жөнүндө маалыматты берүүгө тийиш.
Улуттук банк МКК/МКА үчүн белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн сакталышын кайсыл болбосун күнгө карата абал боюнча текшере алат.";
22) төмөнкү мазмундагы 7.9-1-пункт менен толукталсын:
"7.9-1. МКК дивиденддердин суммасын эсептөө үчүн ФОЭСке жана Улуттук банктын талаптарына ылайык эсептелген таза пайданын эң аз өлчөмүн колдонууга тийиш.";
23) 7.10-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7.10. Эгерде МККнын үчүнчү жактар алдында милдеттенмеси болсо, ошондой эле МККнын ишинин туруктуулугуна коркунуч жараткан төмөнкү учурлардын бири орун алган шартта, Улуттук банк МККга дивиденддерди төлөөгө/пайданы бөлүштүрүүгө тыюу салышы же чектөө киргизиши мүмкүн, эгерде:
1) бул Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдердин жана чектөөлөрдүн бузулушуна алып келсе;
2) МКК Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана чектөөлөрдү сактабаса;
3) өткөн жылдарда же болбосо отчеттук жыл ичинде чыгым болсо;
4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгымдардын ордун жабуу үчүн резервди кошумча чегерүү боюнча Улуттук банктын жазма буйругу/талабы аткарылбаса;
5) Улуттук банктын таасир этүү чарасы катары жөнөтүлгөн талабы аткарылбаса.
Эскертүү: Үчүнчү жактар алдында милдеттенме катары МКК менен байланышпаган юридикалык жактар жана жеке адамдар алдында МККнын милдеттенмелерин түшүнүү зарыл.".
2. Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 27-майындагы № 25/3 "Микрокредиттик компаниянын/микрокредиттик агенттиктин мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жана "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобонун:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Микрофинансылык компаниянын мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчету жөнүндө" жобого карата 2-тиркемеде:
1) "Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет" деген 1-бөлүгүнүн:
- А. Активдер бөлүкчөсү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1-бөлүк. Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет
миң сом