Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 1
Ак-Татыр айыл аймагындагы Ак-Татыр каналын Баткен суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна жана Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна ылайык,Ак-Татыр айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана мунципалдык менчик боюнча адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Татыр айылдык кеңешинин токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл аймагы боюнча 5270 м коргоо тилкеси менен Ак-Татыр каналы Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4.Токтом каттоодон өткөрүлүп,ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын жана кыргыз республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана мунципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
Т.Исманов |