Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/1
Жер тилкесинин категориясын которуу жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №229, №230, №231 контурунда жайгашкан, Борбиева Назира Амангелдиевнанын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0029-0126, аянты 1,21га жер тилкесине логистикалык борборун жана өнөр жай объектилерин куруу максатында кошар астындагы «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө Н.А. Борбиеванын арызын карап чыгып, 2025-жылдын 21-ноябрындагы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер тилкелеринин багытын которуу боюнча райондук комиссиясынын корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу №229, №230, №231 контурунда жайгашкан, Борбиева Назира Амангелдиевнанын жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-0029-0126, аянты 1,21га жер тилкесине логистикалык борборун жана өнөр жай объектилерин куруу максатында кошар астындагы «Айыл чарба жерлери» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |