Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №14/2
Ормон-Хан айыл аймагынын каналдарын мамлекеттик ыкчам башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын 1-2-порядкадагы каналдарын мамлекеттик ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берүү туралуу айыл өкмөтүнүн сунушун жана маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын 1-2-порядкадагы каналдарын мамлекеттик ыкчам башкарууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу жана аткарууда тиешелүү мыйзамдардын негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |