Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 62
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичиндеги аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 6-бөлүмүнүн негизинде Ак-татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштеринин отчётун берүү боюнча билдирүүсүн угуп,талкуулап карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичиндеги аткарган иштеринин отчёту канааттандыралык деп табылсын.
2.Токтомдун аткарылышы төраганын орун басарына жүктөлсүн.
3.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |