Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/2
Күнтуу айыл аймагынын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобилдик транспортто жүргүнчүлөрдү ташууга №311каттамынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-1-пунктуна ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл аймактын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнжулөрдү ташууга №311 каттамынын тарифи төмөнкү өлчөмдө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Ушул токтом тиркемеси менен Күнтуу айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жарыялансын;
3. Күнтуу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.К. Джумабаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн;
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |
|
| Тиркеме № 1 Бекитилди Күнтуу айылдык кеңешинин 2026-жылдын 28-январындагы “ -----------“ токтому менен Султанбеков Ж.Ж.__________ |
Жол кире акысынын тарифи
Беловодское а. -Маловодное а. – 70 сом
Беловодское а. – Кара-Сакал а. – 75 сом
Беловодское а.- Кызыл-Туу а. – 75 сом
Беловодское а. – Исмаил а. – 80 сом
Сокулук – Маловодное а. – 25 сом
Сокулук -Кара-Сакал а. – 25 сом
Сокулук- Кызыл-Туу а. – 30 сом
Сокулук – Исмаил а. – 30 сом
Пов. Маловодное – Маловодное а. – 20 сом
Пов. Маловодное – Кара-Сакал а. – 25 сом
Пов. Маловодное – Кызыл-Туу – 25 сом
Пов. Маловодное – Исмаил – 25 сом
__________________________________________________________________
Айылдардын ортосунда- 20 сом
Айыл ичи- 15 сом
Окуучулар – 10 сом