Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 63
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы суу насосун жана Рават айылындагы Тике суу кудуктарын (скважиналарды) айыл өкмөттүн балансына алуу жана Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 29-беренесинин,Кыргыз республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомунун биринчи пунктчасына ылайык Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сабировдун билдирүүсүн угуп,талкуулап карап чыгып айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1. Ак-Татыр айыл аймагынын Ак-Татыр айылындагы 1(бир)суу насосу жана Рават айылындагы 2(эки) тике суу кудук Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн балансына алынып, Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Ак-Татыр айылы Аэропорт конушундагы Турат суу насосу.
- Тик кудук 1, рават айылындагы жаштык көчөсүндөгү
- Тик кудук 2, рават айылындагы А.Бактыбаев көчөсүндөгү
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3.Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.
4.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды. .
6.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |