Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/3
Күнтуу айылында башкы суу бөлүштүргүч (БСР,БДР) куруу жөнүндө
Күнтуу айыл аймагында 2023-жылы 2-Элдик Курултайда көтөрүлгөн сугат суу өтө көйгөйлүү маселелердин бири болгондуктан, ошондой эле айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмүн арттыруу, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана дыйкандардын эмгегине шарт түзүү максатында, Күнтуу айылындагы №457, №456, №454 контурларында жайгашкан 7,9 га жер тилкесине башкы суу бөлүштүргүч (БСР, БДР) куруу жөнүндө талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылындагы №457, №456, №454 контурларында жайгашкан 7,9 га жер тилкесине БСР курууга макулдук берилсин;
2. БСР,БДР куруу боюнча мындан аркы иш чараны Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиев мыйзам чегинде алып барсын;
3. Күнтуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.К. Джумабаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүсүн ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн;
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
5. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |