Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 64
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз жана Рават айылдарында жайгашкан телестанция кароолдорунун айлыгын көтөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана 39-беренесине жана Финансы бюджет жана социалдык- экономикалык өнүгүү,мунципалдык менчик,инвестиция тартуу,мунципалдык жана коомдук транспортту камсыз кылуу,ичүүчү суу,тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 12-февралындагы отурумунун сунушун угуп карап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Орто-Боз жана Рават айылдарынын телестанция кароолдорунун айлык акысы айына 2000(эки миң ) сом болуп бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |