Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/4
Токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү жана жарыялоо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү үчүн www. Kuntuu-aimak.kg расмий сайтына жарыялансын, жана кабыл алынган токтомдор аталган сайтка жарыялансын;
2. Күнтуу айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү үчүн Кызыл-Туу айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын астындагы кооомдук тактага, жана Күнтуу айылындагы Иманалиева көчөсү №48а дарегиндеги коомдук тактага илинсин;
3. Күнтуу айылдык кеңешинин токтом долбоорлорун коомдук талкуудан өткөрүү, иштеп чыгуучу адам (орган) тарабынан жүргүзүлсүн.
4. Күнтуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.К. Джумабаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн;
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет;
6. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |