Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 17-февралы № 66
Жер участокторун которуштуруу (трансформациялоо) жөнүндө.
Кыргыз республикасынын “Жер кодексине” Кыргыз республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык,Кыргыз республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын негизинде айыл өкмөт башчысынын сунушун талкуулап чыгып Ак-Татыр айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы токтом кылат:
1.Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн мамлекеттик менчикте турган №699,№377,№356,№2429,№8-№4593 контрундагы турган таштуу жайыт жерлер, Таштуу жайыт жерлер котегориясынан “өнөр жай жана башка багыттагы жерлер категориЯсына которуштурууга (транформациялоого)макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарын ишке ашырып берүү жагы баткен райондук мамлекеттик админитрациясынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Халмурзаевге жүктөлсүн.
5.Бул токтом ak-tatyr.gov.kg сайтына жарыялансын.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды. .
7.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Ак-Татыр айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоого Баткен облусунун юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага: |
Т.Исманов |