Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 28-январы № 1/7
Маловодное айылдын аталышын Ичке-Суу айылы деп атоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамын жетекчилике алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби” жөнүндө жобонун негизинде, Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагына караштуу Маловодное айылын Ичке-Суу айылына өзгөртүү боюнча Маловодное айылынын тургундарынын кайрылуу арызын талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чуй облусунун Сокулук районунун Күнтуу айыл аймагына караштуу Маловодное айылынын аталышын Ичке-Суу айылы деп атоого макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун түп нускасы Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жиберилсин.
3. Мындан аркы иш-чараны мыйзам чегинде алып баруусу Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге тапшырылсын;
4. Күнтуу айылдык кеңештин жооптуу катчысы Н.К. Джумабаева бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүсүн ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн;
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага | Ж.Ж. Султанбеков |