Редакцияот 15.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

2022-жылдын 15-декабры №19/133

Бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүү тууралуу

Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматовдун Кыргыз Республикасынын каржы министрлиги тарабынан 2022-жылга кирешелер бөлүгү көбөйтүлгөндүгү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Новопавловка айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бюджеттин кирешелер бөлүгү 27713,6 (жыйырма жети миллион жети жүз он үч) миң алты жүз сомго көбөйтүлгөндүгүнө байланыштуу, бюджеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгү бөлүктөргө жана беренелерге көбөйтүлсүн:

Бөлүк 70111 «Аппарат»

Көбөйтүлсүн IV квартал

2621 беренеси «Эл аралык уюмдарга учурдагы салымдар» көбөйтүлсүн - 24,0 миң сом.

Бөлүк 70629 «ЖКХ»

Көбөйтүлсүн IV квартал

2215 беренеси «Башка кызматтарды сатып алуу» көбөйтүлсүн - 2442,8 миң сом.

2221 беренеси «Мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» - 2041,4 миң сом.

3111 беренеси «Имараттар жана курулуштар» көбөйтүлсүн - 18401,4 миң сом.

3112 беренеси «Машиналар жана жабдуулар» көбөйтүлсүн - 279,0 миң сом.

3113 беренеси «Башка негизги фонддор» көбөйтүлсүн - 130,0 миң сом.

Бөлүк 71092 «Социалдык коргоо»

Көбөйтүлсүн IV квартал

2721 беренеси «Калкка жеңилдиктер жана жеңилдиктер ордуна компенсациялар» көбөйтүлсүн - 300,0 миң сом.

Бөлүк 70911 «Мектепке чейинки билим берүү» атайын эсеп

Көбөйтүлсүн IV квартал

2218 беренеси «Тамак-аш сатып алуу» көбөйтүлсүн - 800,0 миң сом.

Бөлүк 70911 «Мектепке чейинки билим берүү»

Көбөйтүлсүн IV квартал

2222 беренеси «Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу» көбөйтүлсүн - 2700,0 миң сом.

Бөлүк 70813 «Спорттук иш-чаралар»

Көбөйтүлсүн IV квартал

2215 беренеси «Башка кызматтарды сатып алуу» көбөйтүлсүн - 280,0 миң сом.

2211 «Чет өлкөгө иш сапарлары» көбөйтүлсүн - 315,0 миң сом.

Бардыгы: 27713,6 (жыйырма жети миллион жети жүз он үч) миң алты жүз сом.

2. Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Н. С. Мурзакматов токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.

 

 

Төрага:

А. Абышев