Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-февралы № 7
Айдаркен шаардык кеңешинин 2025-жылдын 23-декабрындагы №39 токтомуна толуктоолорду киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳгү” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып Айдаркен шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. №39 токтомдун 2-пунктундагы “айыл чарба багытта” пайдалануу деген сөз, “жашылдандыруу жана көрктөндүрүү” үчүн пайдалануу деп окулсун.
2.Айдаркен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участкаларын ижара шартта жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө берүүгө ижара акы ай сайын бир сотых жер аянтына 10 (он) сом өлчөмүндө болуп мыйзам чегинде бекитилсин.
3.Айдаркен шаарынын аймагындагы муниципалдык менчикте турган жер участкаларын ижара шартта коммерциялык эмес багытта берүүгө ижара акысы бир айга бир чарчы метрине 10 (он) сом өлчөмүндө болуп мыйзам чегинде бекитилсин. 4.Ушул токтомду каттоо жана Айдаркен шаардык кеңешинин расмий веб-сайтына жарыялоо жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
5.Ушул токтом ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
7.Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Алтымышова |