Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2026-жылдын 23-февралы № 01-15/1
Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесини жетекчиликке алып, Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовтун баяандамасын угуп жана талкуулап, Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат.
1. Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарган иштери канаттандырарлык, деп табылсын.
2. Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым | А. Матраимова |