Редакцияот 23.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы

 

2026-жылдын 23-февралы № 01-15/5

Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу мекеме ишканалар үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө  тарифтерди белгилөө жөнүндө

 

“Ичүүчү суу жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык,  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу  органдары жөнүндө “  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39- беренелерин жетекчилике алып ,ошондой эле бюджет жана экономика маселелери  боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун  угуп жана талкуулап чыгып, токтом кылат

 

  1. Алтын-Бешик айыл аймагына караштуу мекеме ишканалар үчүн ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө  тарифтер  1куб үчүн 18 сом өлчөмдө бекитилсин.
  2. Бекитилген тарифтер 2026-жылдын  1-январынан  баштап колдонууга киргизилсин.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эргешовко  милдеттендирилсин.
  4. Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
  5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын юстиция  Министрлигинин  Баткен облустук  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

6.     Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын  Мамлекеттик     реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кеңештин  бюджет жана экономика маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына       жүктөлсүн.

Төрайым

А. Матраимова