Загрузка документа…
АЛТЫН-БЕШИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Алтын-Бешик айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги ХVIII сессиясы
2026-жылдын 23-февралы № 01-15/7
Ардактуу атуул наамын ыйгаруу жөнүндө.
Алтын-Бешик айылдык Кеңешинин “Ардактуу атуул “наамына көрсөтүү жөнүндөгү жобосуна ылайык жана Алтын-Бешик айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасын угуп жана талкуулап, Алтын-Бешик айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы токтом кылат.
1. Алтын-Бешик айыл аймагынын социалдык - экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн, төмөнкү атуулдар Алтын-Бешик айыл аймагынын Ардактуу атуулу наамына көрсөтүүгө макулдук берилсин.
Айылдык кеңештин депутаты Муратов Бактыбек Нишанович.
Жеке ишкер Абдимомунов Самарбек Алишерович.
2 Ардактуу атуулу төш белгиси жана лентасын даярдоо үчүн, кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинин жүргүзүлсүн.
3 Токтомду аткарууга алуу жагы өкмөт башчы А.Эргешовко милдеттендирилсин.
4 Бул токтом Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыялансын.
5 Айылдык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Баткен облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6 Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып,күчүнө кирет.
Төрайым | А. Матраимова |