Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 26-февралы № 133
“Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү” жөнүндөгү Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомуна ылайык, Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2026-жылдын 26-февралындагы №024/24/08-6/125 сандуу чыгыш катын талкуулап чыгып, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды
төлөө мөөнөтү 2026-жылдын 1-апрелине чейин деп окулсун.
Төрага | К.Шакиров |