Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун

 

2025-жылдын 29-январы № 2/15

Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын Ногойбай уулу Билал №4 көчөсүндө жайгашкан, Марат Кушуевдин жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1001-1494, аянты 6600 ч.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Трактордук бригадалык короо үйү менен жеринен” – “Короо жай жерине” өзгөртүп берүү жөнүндө М. Кушуевдин арызын карап чыгып, 2024-жылдын 25-сентябрындагы Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын шаар куруу №55-24 корутундусунун негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын Ногойбай уулу Билал №4 көчөсүндө жайгашкан, Марат Кушуевдин жеке менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-13-1001-1494, аянты 6600 ч.м. жер тилкесинин максаттык багытын “Трактордук бригадалык короо үйү менен жеринен” – “Короо жай жерине” өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;

3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Ж.Ж. Султанбеков