Редакцияот 29.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 2- отурумунун

 

2025-жылдын 29-январы № 2/19

Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө

Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө Күнтуу айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык бөлүм башчысы Г.С. Султанованын маалыматын угуп жана талкуулап , Күнтуу айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы кийинки өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин;

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Ж.Ж. Султанбеков

 

 

Тиркеме № 1 Бекитилди Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 29-январындагы

 “ -----------“ токтому менен

Султанбеков Ж.Ж.__________

Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы

(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү тиркемеси)