Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 6-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 27-июну № 41
«Мамлекеттик лизинг компаниясы»ачык акционердик коому аркылуу лизинг менен атайын техникаларын сатып алуу жөнүндө
Манас айыл аймагынын инфрастуктурасын жакшыртуу максатында, “Таза Айыл үчүн” муниципалдык ишканасынын техникалык паркын жаңылоо үчүн жана автотехникаларынын жетишсиздигине байланыштуу, атайын техникаларды лизинг менен “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” аркылуу зарыл болгондугу жөнүндө Манас айыл өкмөтүнүн башчысыЖ.Э.Мусурманкуловдун маалыматын угуп,Манас айылдык Кенешинин бюджеттик жана жер комиссияларынын 2025-жылдын 26-июнундагы №2 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Финансылык ижара келишиминин (лизинг) негизинде “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” ачык акционердик коому аркылуу жалпы баасы 183 000 (жүз сексен үч миң ) АКШ доллары (лизинг келишим түзүлгөн датага Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча улуттук валютада эквиваленти), жылдык 11(он бир) пайыз менен, 5(беш) жылдык мөөнөткө төмөнкү автоунааларды алууга макулдук берилсин:
- Таштанды ташуучу автоунаа SX5185ZYS8J50114куб - баасы 86 000( сексен алты мин) АКШ доллары;
-Манипулятор SX5185JSQ8J571 - баасы 46 000( кырк алты мин) АКШ доллары;
- Фронталдык жүктөгүч – CDM856 баасы 51 000( элүү бир мин) АКШ доллары;
2. Лизингдин жалпы баасынан 10(он ) пайыз өлчөмүндө Манас айыл өкмөтүнүн өздүк салымы 18 300 ( он сегиз миң үч жүз) АКШ доллары кошулсун.
3. Өздүк салымдан сырткары, лизингге алынган автоунаалардын бажы жагынан жол-жоболоштуруусу, каттоосу, автоунааларды лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган автотехникаларын өз эсебинен сатып алууга байланышкан башка чыгашалардын акча каражаты каралсын.
4. “ Мамлекеттик лизинг компаниясы ” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Манас айыл өкмөт башчысы Ж.Э. Мусурманкуловго ыйгарылсын;
5. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрайым |
| Р. Момунова |