Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 6-августу № 43
“Манас айыл аймагындагы билим берүү мекемелеринин Уставдарын өзгөртүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Атбашы айыл өкмөтү жана Фрунзе айыл өкмөтү ирелештирилип,Манас айыл өкмөтү деп аталганына байланыштуу,Манас айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүү тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Ж.Э. маалыматын угуп, талкуулап Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Манас айыл аймагындагы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин Уставдарына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин;
2. Билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери Уставдарын мамлекеттик каттоо органдарына кайрадан өткөзүүгө милдеттендирилсин;
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Төрайым |
| Момунова Р.К. |