Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 6-августу № 44
“Зоналдык коэффициент Кз бекитүү жѳнүндѳ”
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктуна, Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун негизинде Зоналдык коэффициент Кз 2,0 өлчөмүндө бекитүү боюнча, Манас айыл өкмөтүнүн киреше бөлүмүнүн салык кызматкери Джунушпаева З.С маалыматын угуп, айыл чарба багытында болбогон, короо жанындагы жана дачалык жер участокторунун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө салык эсептөө үчүн Манас айлдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.2025-жылдын 1-январынан тартып, ишкердик иши үчүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө, жеке жактардын транспорттук мүлкүнө, короо жанындагы жана дачалык жер участокторунун, айыл чарба жана айыл чарба багытында болбогон жерлердин жана калктуу конуштардын жер ижарасын төлөө тартибин киргизүү;
2.Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 403- беренесине ылайык, айыл чарба эмес жерлерге болгон зоналдык коэффициентин Кз=2,0 өлчөмүндө бекитүү;
3. Жер салыгын төлөө үчүн короо жанындагы жана дачалык жер участокторунун, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн зоналдык коэффициенти Кз=2,0 өлчөмүндө Манас айыл аймагындагы Ак Жол, Манас, Лесное, Фрунзе, Студент, Озерное, Комсомольское, Төрт-Күл айылдары боюнча бекитилсин;
4.2025-жылдын 1-январынан тартып юридикалык жана жеке ишкерлердин ар бир жумушчунун санына карата таштанды чыгаруу үчүн 100 сом өлчөмүндө төлөм бекитилсин;
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |