Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 6-августу № 45
“Айыл өкмөтүнө техника алуу жѳнүндѳ”
Манас айыл аймагынын Манас айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингге кызматтык автоунаа “Шевроле Треккер” лизинг аркылуу алуу максатында, Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагынын Манас айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизингге кызматтык автоунаа “Шевроле Треккер” алынсын;
2. Алынган автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингге алынган техниканын өз эсебинен башка чыгашалардын акча каражаты каралсын;
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрү 5 жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин;
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимден келип чыгуучу башка документтерге кол кою укугу Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн;
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгөалуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |