Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 7-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 6-августу № 47
“Жер тилкесин айыл өкмөттүн балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Манас айыл өкмөтүнүн жер адиси Назарова Б.Н Ак-Жол айылындагы Набережная 20 дарегинде жайгашкан Ибраимов Джолдошбек Курмашевичке таандык 7080310021179 сандуу жалпы аянты 420,0кв.м.жер тилкесин айыл өкмөттүн балансына өз калоосу менен өткөрүп берүү боюнча маалыматын угуп жана Ибраимов Дж.К 31.07.2025-жылы №И-591 жазган арызынын негизинде Манас айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айылындагы Набережная 20 дарегинде жайгашкан Ибраимов Джолдошбек Курмашевичке таандык 7080310021179 сандуу жалпы аянты 420,0кв.м. жер тилке Манас айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп алууга макулдук берилет.
2. Кабыл алынган 7080310021179 сандуу жалпы аянты 420,0кв.м.жер тилкеси өз багыты менен пайдаланылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү, Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго калтырам.
Төрайым |
| Момунова Р.К. |