Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 3-октябры № 54
“Манас айылдык кеңешинин регламентине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Манас айылдык Кеңешинин этика, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Усеналиев М.А.нын маалыматын угуп, Манас айылдык кенешинин 03.10.2025-жылдын I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессияссынын №8 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылдык кеңешинин 09.12.2024-жылындагы регламенттин 7.9 пунктунда комиссиянын аталышына өзгөртүү киргизүү, 9.10 пунктунда айыл өкмөттүн деген сөздү киргизүү, 17.1. 3күн деп өзгөртүү, 18.2 эгер сессия ар бир сааттан ашык болсо, төрага тарабынан 15 мин. тыныгуу жарыяланат, 18.5. спорт стилиндеги кийим жумуш шартына алгылыктуу деп эсептелинбейт, 18.6.сессия учурунда аудио жазууга жана видео тартууга тыюу салынат деген өзгөртүүлөр жана 20.2. мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, этика регламент, жаштар жана спорт саясаты деген өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. 2024-жылдын 2-декабрындагы №3 токтому менен кабыл алынган Манас айылдык кеңешинин регламенти күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрайым |
| Момунова Р.К. |