Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 8-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 3-октябры № 55
«Фрунзе айылынын маданият үйүн капиталдык оңдоо долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу жана Фрунзе айылынын маданият үйүн капиталдык оңдоо долбоорун кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорунун бюджетин 6 514 440 (алты миллион беш жүз он төрт миң төрт жүз кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын 1 954 332 (бир миллион тогуз жүз элүү төрт миң үч жүз отуз эки) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү акча каражаттарын бөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |