Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 10-октябры № 56
Манас айыл аймагынын жергиликтүү IV Элдик Курултайды өткөрүү жана уюштуруу жөнүндө
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чындоо максатында,Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" 2025-жылдын 22-сентябрындагы №271 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 25-сентябрындагы чыг. № 20-10441 тапшырмасына ылайык,IV Элдик Курултайды өткөрүү боюнча Манас айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айыл аймагынан жергиликтүү Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Жергиликтүү жамааттар арасында делегат шайлоо боюнча жыйындар 2025-жылдын 17-октябрынан 20-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн;
(№2-тиркеме)
3. Манас айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын 21- октябрынан 25-октябрына чейин белгиленсин;
4. Курултайды 1-ноябрь 2025-жылы саат 10.00 дө Манас айылындагы маданият үйүндө өткөрүү дайындалсын;
5. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаты, айыл башчылары жана жергиликтүү курултайлардын жумушчу топтору делегаттарды шайлоо боюнча курултайларды жана чогулуштарды өткөрүүнү Элдик Курултай өткөрүүнү уюштурууну жүргүзсүн.
6. Манас айыл өкмөтү Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу жана каржы маселелерин чечсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрайым |
| Момунова Р.К. |