Загрузка документа…
НТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 7- отуруму
2025-жылдын 2-сентябры № 7/68
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Жар айылынын Термечикова №123А көчөсүндө жайгашкан, муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1005-0236, аянты 427,81 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Тигүү цехин” куруу астындагы жер тилкесине” өзгөртүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевдин кайрылуусун карап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Жар айылынын Термечикова №123А көчөсүндө жайгашкан, муниципалдык менчигинде турган, идентификациялык коду 7-08-11-1005-0236, аянты 427,81 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “Мектеп алдындагы жер тилкесинен” – “Тигүү цехин” куруу астындагы жер тилкесине өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин;
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык
кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков