Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 10-октябры № 58
“Сокулук өнүктүрүү фонду боюнча долбоорду бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө”
Манас айыл өкмөтүнө башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин Манас айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү, биргелешкен долбоордун негизинде каржылоого акча каражаттын бөлүп берүү, Сокулук районунун өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу тууралу маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык Кеңеши 2025-жылдын 10-октябрндагы кезексиз 1 чакырылышынын 9 сессиясындагы жыйналыштын протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук өнүктүрүү фондусунун 2026-жылга бюджетинин долбоору 3 645 894 (үч миллион алты жүз кырк беш миң сегиз жүз токсон төрт) сом суммасында бектитилсин.
2. Манас айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 100 000 (бир миллион бир жүз)мин сом өздүк салым бекитилсин.
3. Сокулук өнүктүрүү фондунун 2026-жылга карата долбоорун даярдоого жана ишке ашырууга Манас айыл өкмөтүнүн башчысына акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрайым |
| Момунова Р.К. |