Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 10-октябры № 59
«Фрунзе айылынын И.Айдарбеков атындагы орто мектебине откананын куруу долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин Чүй өнүктүрүү фондуна катышуу жана Фрунзе айылынын И.Айдарбеков атындагы орто мектебине откананын куруу долбоорун кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык кеңеши төмөнкүлөрдү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун бюджеттик долбоору 10 691 839 (он миллион алты жүз токсон бир миң сегиз жүз отуз тогуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Өздүк салым 3 207 551 (үч миллион эки жүз жети миң беш жүз элүү бир) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Чүй өнүктүрүү фондунун 2026-жылга карата каржылануучу долбоорду даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтү тарабынан акча каражаттары бөлүнсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичке жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмдө калтырылсын.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |