Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 9-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 10-октябры № 60
«Комсомольское айылынын ФАП имаратын капиталдык оңдоо долбоорун бекитүү жана акча каражаттарын бөлүү жөнүндө»
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичтин Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу жана «Комсомольское айылынын ФАП имаратын капиталдык оңдоо» долбоорун каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорунун бюджетин 3 351 950 (үч миллион үч жүз элүү бир миң тогуз жүз элүү) сом өлчөмүндө бекитсин.
2. Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын 1 005 600 (бир миллион беш миң алты жүз) сом өлчөмүндө бекитсин.
3. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү акча каражаттарды бөлүнсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Мусурманкулов Жолдошали Эгембердиевичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |