Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 7- отуруму
2025-жылдын 2-сентябры № 7/70
Шалта айылынын тургуну М.Ы.Бабатаеванын арызы жөнүндө
Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы Жеке менчик турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн №81 Чечимине өзгөртүү киргизүү жөнүндө, себеби бөлүнүп берилген жер тилке үй салууга ылайыктуу эмес экендиги тууралуу Шалта айылынын тургуну Майрамкан Ырысмаматовна Бабатаеванын кайрылуусун карап чыгып, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы Жеке менчик турак жай курууга жер тилкесин бөлүп берүү үчүн №81 Чечимине өзгөртүү киргизип, ылайыктуу жер тилке чыгып калса макулдук берилсин;
2. Жер комиссиясы айыл өкмөтүнүн жер адистери менен жер тилке аныктап чыгып, мыйзам чегинде иш алып барсын;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
4. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык
кенештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков