Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 8-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 8/71
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү Курултайды ѳткѳрүү жана уюштуруу жѳнүндѳ
Мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын, айкындуулугун жана эл менен байланышын чыңдоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жѳнүндѳ” №270 Жарлыгын аткаруу максатында, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 1-ноябрында ишемби күнү Кызыл-Туу айылындагы С.Абдылдаева орто мектебинде Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйын уюштурулсун;
2. Күнтуу айыл аймагы боюнча калктын санына жараша (калк- 17316) жергиликтүү коомдоштуктун жыйынына 80 өкүл шайлансын;
3. Күнтуу айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктун Курултайын уюштуруу жана ѳткѳрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1-тиркемеге ылайык бекитилсин;
4. Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы №2 тиркеме ылайык бекитилсин; (№2-тиркеме)
5. Күнтуу айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын жыйындарын өткөрүү 2025-жылдын17-октябрынан 24-октябрга чейин белгиленсин; (№3 тиркемеге ылайык).
6.Элдик курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү 2025-жылдын 1-ноябры деп белгиленсин ( № 4 тиркемеге ылайык).
7. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыларга, жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин;
8.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жѳнѳтүлсүн;
9. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага: Султанбеков
Тиркеме №1
БЕКИТИЛДИ
Күнтуу айылдык кеңешинин
2025-жылдын _________________
№ _______ токтому менен
Төрага___________Ж.Ж. Султанбеков
Кунтуу айыл аймагынын жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы
№ | А.А.А
| Кызматы |
1 | Султанбеков Жолдошбек Жумабекович | Айылдык кеңештин төрагасы |
2 | Джумабаева Назира Кабылбековна | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
3 | Бакирдинов Назирдин Толубаевич | Аксакалдар сотунун төрагасы |
4 | Алымбаев Насыркул Кеңешович | Аксакалдар сотунун мүчөсү |
5 | Егембердиева Жаңыл Молдалиевна | Жарандык активист |
6 | Джузумалиев Сагынбек Адырович | Жарандык активист |
7 | Боронбаев Улан Керимбаевич | Күнтуу айылдык кеңештин депутаты |
8 | Мусаев Азамат Жапарбекович | Күнтуу айылдык кеңештин депутаты |
9 | Тойчубекова Гулязар Тойчубековна | Айыл өкмөтүнүн кызматкери |
Тиркеме №2
БЕКИТИЛДИ
Күнтуу айылдык кеңешинин
2025-жылдын _________________
№ _______ токтому менен
Төрага___________ Ж.Ж. Султанбеков
Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү курултайынын делегаттарынын саны жана квотасы.
№ | Айылдардын (чөлкөмдүн) аталышы | Калкынын саны | Берилүүчү квотанын саны |
1 | Кызыл-Туу, (Новь) | 3713 | 16 |
2 | Исмаил
| 1174 | 6 |
3 | Маловодное
| 2521 | 10 |
4 | Кара-Сакал
| 601 | 4 |
5 | Токбай
| 688 | 4 |
6 | Новое
| 663 | 4 |
7 | Күнтуу
| 4450 | 20 |
8 | Чоң-Жар
| 1019 | 6 |
9 | Шалта
| 1817 | 7 |
10 | Кичи-шалта
| 410 | 2 |
11 | Достук
| 260 | 1 |
Жалпысы: | 17316 | 80 делегат | |
Тиркеме №3
БЕКИТИЛДИ
Күнтуу айылдык кеңешинин
2025-жылдын _________________
№ _______ токтому менен
Төрага___________ Ж.Ж. Султанбеков