Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезексиз 8-отуруму
2025-жылдын 14-ноябры № 8/73
« 2025-жылдын 9-айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө ашыкча түшкөн акча каражатты бөлүштүрүү жөнүндө »
Күнтуу айылдык Кенешинин сессиясында Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевдин 2025-жылдын 9-айына карата жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө пландан тышкары ашыкча түшкөн акча каражатты, өндүрүштүк муктаждыктарга пайдаланууну бөлүштүрүү баяндамасын угуп жана талкуулап Күнтуу айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өндүрүштүк муктаждыктарга байланыштуужергиликтүү бюджеттин төмөнкү бөлүмдөрүнүн беренелерине бөлүнсүн:
Бөлүм: 70111 берене 2212 + 788,4 миң сом (коопсуздук шаарга)
Бөлүм: 70111 берене 2215 + 50,0 миң сом (шайлоого)
Бөлүм: 70111 берене 2222 +100,0 миң сом (учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу)
Бөлүм: 70911 берене 2222 +70,0 миң сом (М.Суранчиева окуу-комплексинин алдындагы бала -бакчасынын бурчун жасалгалоо)
Бөлүм: 70911 берене 3112+170,0 миң сом («Алтын Уя КТ» бала-бакчасынын от казынына)
Бөлүм: 70911 берене 3112+90,0 миң сом (« Алтын Уя КТ» бала-бакчасынын э/плитасы)
Бөлүм: 70921 берене 2222+985,5 миң сом (учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу)
Бөлүм: 70921 берене 3112+800,0 миң сом (С.Абдылдаева мектебине от казан)
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б. Суюналиевге жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Төрага Султанбеков Ж.Ж