Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 10-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 15-декабры № 65
«Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405 токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин 7-пунктуна ылайык мамлекеттик мүлктү кыймылдуу мүлк түрүндө муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жана Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-декабрындагы №9 протоколунун негизинде Манас айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “КЫРГЫЗАЭРОНАВИГАЦИЯ” Мамлекеттик ишканасынан “УАЗ Патриот” маркасындагы автотранспорт каражатын муниципалдык менчикке Манас айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилет.
2. Кабыл алынган техника өз багыты менен пайдаланылсын.
3. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу, техника “Таза айыл үчүн” муниципалдык ишканасына оперативдүү колдонууга өткөрүлүп берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Т.А.Кулубековго калтырам.
Төрайым |
| Р. Момунова |