Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
I чакырылыштын 11-(кезексиз) сессия
2025-жылдын 22-декабры № 66
«Төрт-Күл айылындагы “Төрт-Күл” балдар бакчасын капиталдык оңдоо долбоорун бекитүү жөнүндө»
Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кулубеков Талайбек Аскербековичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Төрт-Күл айылындагы “Төрт-Күл” балдар бакчасында болгон өзгөчө кырдаалдын натыйжасында (өрт кырсыгынан кийин имарат толугу менен жараксыз абалга келгендигине байланыштуу) капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү зарылдыгын эске алып, Чүй өнүктүрүү фондунун долбооруна катышуу жана долбоорду кошо каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаттарын бөлүү максатында, Манас айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорунун бюджетин 22 434 856 (жыйырма эки миллион төрт жүз отуз төрт миң сегиз жүз элүү алты) сом өлчөмүндө бекитсин.
2. Долбоор боюнча жергиликтүү бюджеттин өздүк салымын 2 434 856 (эки миллион төрт жүз отуз төрт миң сегиз жүз элүү алты) сом өлчөмүндө бекитсин.
3. 2026-жылга карата Чүй өнүктүрүү фондунун долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн башчысы тиешелүү акча каражаттарды бөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Кулубеков Талайбек Аскербековичке жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |