Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 2
Манас айыл өкмөтүнүн 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө жана 2027–2028-жылдарга киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Республикалык бюджет жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, ошондой эле бюджеттик комиссиянын төрагасынын маалыматын угуп жана талкуулап, Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2026-жылга киреше бөлүгү боюнча бюджет 90 727,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин,анын ичинде бюджет боюнча 80 841,8 миң сом, атайын каражаттар боюнча 9 886,0 миң сом №1 тиркемеге ылайык.
2. 2026-жылга чыгаша бөлүгү боюнча бюджет 90 727,8 миң сом өлчөмүндө бекитилсин, анын ичинде бюджет боюнча 80 841,8 миң сом, атайын каражаттар боюнча 9 886,0 миң сом №2 тиркемеге ылайык.
3. 2027–2028-жылдарга кирешелердин долбоору №3 тиркемеге ылайык бекитилсин
– 2027-жылга 99 218,6 миң сом, анын ичинде бюджет боюнча 89 332,6 миң сом, атайын эсеп боюнча 9 886,0 миң сом,
– 2028-жылга 108 502,6 миң сом, анын ичинде бюджет боюнча 98 616,6 миң сом, атайын эсеп боюнча 9 886,0 миң сом.
4. 2026-жылга кирешелердин кварталдык бөлүштүрүлүшү №5 тиркемеге ылайык бекитилсин, 2026-жылдагы чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча жүргүзүлсүн
(эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар, катуу отун).
5. 2025-жылы жергиликтүү бюджеттин айрым топтору боюнча жетишсиз каржыланган чыгымдар
2026-жылга каралган бюджеттик ассигнованиялардын эсебинен жана алардын чегинде компенсациялансын. Мында компенсация биринчи кезекте төмөнкү беренелер боюнча жүргүзүлсүн(эмгек акы, Социалдык фондго чегерүүлөр, коммуналдык кызматтар).
6. 2026-жылы пландан ашыкча түшкөн кирешелер Манас айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталсын.
7. Өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу айыл өкмөтүнүн башчысына бюджетке өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүгө жана бюджеттик жана атайын эсептер боюнча бөлүмдөрдүн ичинде акча каражаттарын жылдырууга укук берилсин.
8. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине дарыланууга 2 минималдык эмгек акы өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү бекитилсин.
9. Делегирленген ыйгарым укуктар үчүн Республикалык бюджеттен акча каражаттары түшкөн учурда, аларды максаттуу пайдалануу укугу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
10. Республикалык бюджеттен айыл өкмөтүнүн бюджетине компенсация, стимул берүүчү грант, максаттуу трансферт түрүндө акча каражаттары түшкөн учурда, аларды мүмкүн болушунча натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
11. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын, айылдык кеңештин, китепкананын, клубдун штаттык расписаниеси бекитилсин.
12. Өзгөчө кырдаалдар келип чыккан учурда жарандык коргонуу үчүн азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу материалдар (КММ), ошондой эле дары-дармек менен камсыз кылууга 1000,0 миң сом каражат каралсын.
13. 01.01.2026-жылга карата кирешелердин чыгашалардан ашкан бөлүгүн (эркин калдык) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесинин 4-пунктуна ылайык, 4-тиркемеге ылайык бюджеттик эсеп боюнча 26 450,7 миң сом жана атайын эсеп боюнча 2 486,5 миң сом суммасында бекитилип, бөлүштүрүлсүн.
14. 2025–2027-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планы 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. 13.01.2026-жылдагы №01-У “Муниципалдык заказ жөнүндө” келишимине ылайык “Таза айыл үчүн” МИнын чыгаша бөлүгү бекитилсин.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |