Загрузка документа…
МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 30-январы № 3
2026-жылдын 1-январына карата кирешелердин чыгашалардан ашыкча бөлүгүнүн (эркин калдык) эсебинен үстөк бөлүп берүү жөнүндө
Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкулов тарабынан берилген кайрылууну, ошондой эле айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин эмгек акыларына үстөк акы бөлүп берүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын протоколун карап чыгып, кызматкерлерди материалдык жактан кызыктыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 21-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акысын төлөөнүн шарттары жөнүндө» Жарлыгынын 4-пунктун жетекчиликке алып, ошондой эле Манас айылдык кеңешинин 30.01.2026-жылындагы №2 токтомунун негизинде Манас айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 70111 «Аппарат» бөлүмүнө 14 кызматкердин кызматтык маянасына ай сайын үстөк акы төлөө үчүн 2111 «Эмгек акы» беренесине жалпы суммасы 2687226 (эки миллион алты жүз сексен жети минэки жүз жыйырма алты) сом, 2121 «Социалдык фондго чегерүүлөр» беренесине 463546 (төрт жүз алтымыш үч миң беш жүз кырк алты) сом бөлүнсүн.
Жалпы: 70111 «Аппарат» бөлүмүнө 3150772 ( үч миллион жүз элүү миң жети жүз жети миш эки) сом.
2. 70111 «Кеңеш» бөлүмүнө кызматкерлердин кызматтык маянасына ай сайын үстөк акы төлөө үчүн 2111 «Эмгек акы» беренесине жалпы суммасы 481668 (төрт жүз сексен бир миң алты жүз алтымыш сегиз ) сом, 2121 «Социалдык фондго чегерүүлөр» беренесине 83087 (сексен үч миң сексен жети) сом бөлүнсүн.
Жалпы: 70111 «Кеңеш» бөлүмүнө 564755 (беш жүз алтымыш төрт миң жети жүз элүү беш) сом (1-тиркемеге ылайык). 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Р.К. Момунова |