Редакцияот 28.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXVIII чакырылышынын 11 кезектүү сессиясы

 

2022-жылдын 28-декабры № 40

2023-2026-жылдарга карата Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбектин 2023-2026-жылдарга карата Гавриловка айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планын бекитүү боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гавриловка айыл аймагынын 2023-2026-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

(1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Тилебек уулу Эмилбекке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Т.Ибраимов