Редакцияот 24.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин IX чакырылыштагы кезектеги IX сессиясы

 

2025-жылдын 24-декабры № 91/11-9

 

Талас шаарынын Рыскулов көчөсүнүн №2а дарегинде жайгашкан 0,5 га жер тилкесин Р-2 аймагынан Ц-1 аймагына которууга макулдук жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 17.12.2025-жылдагы №01-19/4914 сандуу катынын жана Талас шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынын корутундусун, Талас шаарынын мэриясынын 17.12.2025-жылдагы коомдук угуу өткөрүү боюнча чогулушунун протоколунун негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколун жана корутундусун карап, талкуулап чыгып, Талас шаардык кеңешинин сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Талас шаарынын Рыскулов көчөсүнүн №2а дарегинде жайгашкан 0,5 га жер тилкесин Р-2 аймагынан Ц-1 аймагына которууга мыйзам талаптарына ылайык макулдук берилсин.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу  Талас шаардык кеңешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Турсалиев У.К.) тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

К. Джаныбеков